Жалал-Абад облусунун аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Жалал-Абадда 5 балга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 21-октябрда сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunun-ajmagynda-5-ballga-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×