Жалал-Абад облусунда учурда 4800 жаран үй көзөмөлүндө
Жалал-Абад облустук Медициналык штабдын башчысынын орун басары Самат Боржиев учурда облустагы коронавирус боюнча маалымат берип, канча киши үй көзөмөлүндө, канчасы обсервацияда экенин айтты.
«Жалал-Абад облусунда учурда 4800 жаран үй көзөмөлүндө. Обсервацияда жаткан адамдардын саны – 150. Алардын ичинен 131и медиктер. Алар нөөмөтү бүткөндөн кийин ПЦР-анализ биришкен. Бүгүн кечинде алардын жыйынтыктары чыгат. Анализдер чыккандан кийин Жалал-Абад боюнча статистика өзгөрүшү мүмкүн», - деди ал.
Белгилей кетсек, 18-апрелге карата алынган акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 506 кишиге коронавирус жугуп, беш киши каза болду. Оору жуктургандардын эң көбү Ош облусунда болсо, экинчи орунда Бишкек шаары турат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblusunda-uchurda-4800-zharan-j-kzmlnd
Добавить комментарий ×