Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштер жүрүүдө

17 июнь 2020 17:28 977 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 17-июнда Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБдери тарабынан “Бирдиктүү алдын алуу” күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери айылдарды аралашып бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө паспорт эрежелери, автоунаалар, аңчылык сүйүүчүлөрдүн курал-жарак сактоо боюнча эрежелери текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жайкы эс алууларга байланыштуу маалыматтар жеткирилип, милиция кызматкерлери жарандарды табигый кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Жаш өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү көзөмөлгө алып, алардын кооптуу аймактарда сууга түшүүсүнө жол бербөө керектиги эскертилди.

Көп кабаттуу турак-жайлардын жашоочуларына балдарды үйдө жалгыз калтырууга болбой тургандыгы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oblastynda-profilaktikalyk-ishter-zhrd



Добавить комментарий