Жалал-Абад милициясы бир нече телефон уурдаган жаранды кармады

25 март 2022 11:03 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 4 жаран арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алар 9-февралдан 5-мартка чейинки аралыкта базар ичиндеги соода жайларынан күндүзгү убакытта уюлдук телефондорун белгисиз кылмышкер уурдап кеткендигин жазышып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.

Жабырлануучулар уюлдук телефондорун соода кылган контейнерлеринде зарядда же отурган жеринде калтырышып, өздөрү жакынкы аралыкта эле болушкандыгын белгилешкен. Жалпы келтирилген чыгым 70 миң сомдон ашуун акчаны түзгөн.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы окуяларга шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1992-ж.т. М.И. кармалган. Ал 2022-жылдын 13-январь күнү Молдовановкадагы жаза аткаруу мекемесинен бошоп келгендиги белгилүү болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.И. 2 айга ЖАМКнын Ош шаарындагы №25 мекемесине камакка алуу түрү тандалган.


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-miliciyasy-bir-neche-telefon-uurdagan-zharandy-karmady



Добавить комментарий