Жакынкы күндөрү Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөт
Мындай шашылыш билдирүүнү өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 7-9-июлунда өлкө аймагында кургак жана ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустарында 40 градуска чейин жогорулайт. Суусамырда30-35, Ысык-Көл ойдуңунда 27-32, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарынобулусунун дыйканчылык аймактарында 31-36 градус жылуу болот.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба-ырайыучурунда организмди күйгүзүп жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүзкүн ачык жерлерде көпкө жүрбөө керек жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн кеңирисугаруу сунушталат,- деп эскертет министрликтен.
Ссылка: https://barometr.kg/zhakynky-kndr-kyrgyzstanda-chenemden-tyshkary-ysyk-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×