Сак болуңуз! Бүгүн абанын температурасы 41 градуска жетет

12 июль 2023 10:31 424 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн аба ырайы 41 градуска жетет. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

 Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 12-14-июлдарында абанын табы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат. 

Ссылка: https://barometr.kg/sak-boluuz-bgn-abanyn-temperaturasy-41-graduska-zhetet



Добавить комментарий