Жактоочу: "Женго" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКга өзү келди
Криминалдык чөйрөгө “Женго” каймана аты менен таанымал болгон Кадыр Досонов Ош облусунун УКМКга өзү келди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Мен жалпы коомчулуктун алдына айтып коюуну туура көрдүм. Досонов Оштогу УКМКга өзү келди. Эртең атайын кызмат, ыкчам операциянын негизинде кармалды деп жар салышы мүмкүн”, - деп жазды жактоочу.
Учурда, Досонов убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 11-февралда баш коргоо чарасы каралат.
Кече, 10-февралда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаары менен Ош облусунун аймагында издөөдө жүргөн "Женго" каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүлөрүн кабарлаган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-zhengo-kajmana-aty-menen-belgil-krimtbl-kadyr-dosonov-ukmkga-z-keldi
Добавить комментарий ×