Азимжан Аскаров боюнча соттун өкүмү күчүндө калды

13 май 2020 18:46 827 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку соттун жазык иштер жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан Азимжан Аскаров жөнүндөгү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрындагы жана Чүй областтык сотунун 2017-жылдын 24-январындагы өкүмдөрүнө карата соттолгон А.Аскаровдун жана анын жактоочусу В.Вахитовдун кассациялык даттанууларынын негизинде жазык иши каралып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 13-майындагы токтому менен А.Аскаров жөнүндөгү Чүй областтык сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Соттолгон Аскаровдун жана анын жактоочусу В.Вахитовдун  кошумча кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-vvahitovdun-koshumcha-kassaciyalyk-dattanuulary-kanaattandyruusuz-kaltyryldy



Добавить комментарий