Жактоочу Кулматов менен Ибраимов мыйзамсыз камакта отурушканын айтты
Бүгүн, 20-майда, Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук угуу өтүп жатат.
Процесс учурунда экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев ишти карап жаткан Ленин райондук соту тарабынан мыйзам бузулуп жаткандыгы тууралуу айтты.
Ал Кулматов жана Ибраимов кайсыл негизде камакта жаткандыгы тууралуу маалыматтарды камтыган документтердин көчүрмөсүн берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жактоочунун айтуусунда, камактагылар бир айдан ашуун убакыт камакта мыйзамсыз отурушкан.
Жактоочунун белгилөөсүндө, ушул жылдын 31-январында сот кылмыш ишин кабыл алган. Мыйзам боюнча соттук териштирүү үчүн кылмыш ишине эки ай берилерин белгилеген жактоочу убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу судья же баш коргоо чарасын өзгөртүүсү же болбосо узартуусу керек болчу.
Ошондой эле жактоочу судья тарабынан мыйзам бузулган башка учурларды да атады.
«Биринчиси: баш коргоо чарасы тууралуу маселени кароодо айып тагуучу тарап мөөнөттү узартууга эч кандай негиз келтирген жок. Экинчиси:Кулматов дагы, Ибраимов дагы камакта мыйзамсыз кармалып турушат. Үчүнчүсү: кылмыш ишин кароого судья Касымбековдун укугу жок болчу. Анткени ал мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган эмес», - дейт ал.
Ушул негиздерге байланыштуу жактоочу Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду камакта кармоо түрүндөгү чараны жокко чыгаруу боюнча өтүнүч берди.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaktoochu-kulmatov-menen-ibraimov-myjzamsyz-kamakta-oturushkanyn-ajtty
Добавить комментарий ×