Жайыл районунда 28-жаштагы келинди мурдагы күйөөсү ок атуучу курал менен коркуткан

29 март 2021 11:53 7559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИБнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Буга чейин Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 28 жаштагы С.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, мурдагы күйөөсү Б.Т. аттуу жаран анын жашаган үйүнө барып, денесине залал келтирип, белгисиз куралдан жерди карай ок чыгарганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. 

“Бандит” аталышындагы рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында  жогорудагы кылмышка шектелип, 34 жаштагы Б.Т. аттуу кармалган. Териштирүү учурунда жогорудагы жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, алынган куралга тиешелүү экспертизалар дайындалган. 

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда 

Ссылка: https://barometr.kg/zhajyl-rajonunda-28-zhashtagy-kelindi-murdagy-kjs-ok-atuuchu-kural-menen-korkutkan



Добавить комментарий