Жайкы катуу ысыктан организмди кантип сактоо керек?
Ысыкты кантип көтөрүү керек? Жайкы ысыкта организм чың, акыл эс жайында калышы үчүн эмнени жеп, эмне ичүү керек? Ысык мезгилде организим тер менен кошо 2 литрден 4 литрге чейин суюктукту жоготот, тер чыкканда аны менен кошо витаминдер жана микроэлементтер чыгып кетет, анын натыйжасында мээ чарчап, шалдыроо абалы пайда болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бул жоготулган энергияларды кабылына келтирүү үчүн, ысык күндөрү туура тамактанып, туура суусундукту ичиүү керек.
Эмне себептен газдалган суусундуктарды мындай ысыкта ичүүгө болбойт? Газдалган суу организмди аябагандай кычкылдантат, мындай учурда бактериялар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ал эми таттуу газдалган суусундук дененин булчуңдары жана нерв системаларынын иштөөсүнө терс таасирин берүүчү натрий-калийдык балансты бузат. Калий жүрөктүн согушуна жооп берет. Мындай ысык күндөрү организм максималдуу энергия жоготуу менен иштейт. Денени салкындатуу үчүн кенедей эле дисбаланс мындай мезгилдерде ден соолукка зыян келтирип коюушу мүмкүн.
Жеңил муздатылган жөнөкөй эле таза сууну ичиңиз, лимондун согун кошуп койсоңуз болот. Же болбосо жеңил минералданган минералка кошуп ичиңиз (дарыланууга арналаган минералкаларды дозасынан ашырбай, нормасын менен ичүү керек).
Ысык аптап күндөрү абанын температурасы 30 градус Цельсиядан ашканда, күнүгө 3 литрге чейин суу ичүү сунушталат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhajky-katuu-ysyktan-organizmdi-kantip-saktoo-kerek
Добавить комментарий ×