Жай мезгилине кыскача кеңештер
Бөлүшүү:
Жайдын келиши менен ысык күндөн кантип коргонуу керек деп, көлөкө издеп эле тим болбостон, бул учурдун пайдалуу жактарына көңүл бөлүп, ден соолугуңузду чыңдаңыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Алдыда кыскача кеңештер:
- Жаңы бышкан мөмө, жашылча жемиштер менен көбүрөөк тамактаныңыз.
- Суусаганда таза минералдык (газы жок) суу, кайнатылган компот ичсеңиз болот. Таттуу жана газдалган суусундуктар кайра суусатат.
- Жайдын келиши менен сөзсүз турдө SPF 30 күндөн коргоочу кремин болдонуңуз. Эгерде териңиз ак жумал болсо SPF 50 креми сизди коргойт.
- Күндүн ысышы менен Д витамини организмге жакшы сиңет. Андыктан сөөк жана тиштеги кальцийдин запасын толуктоо үчүн табигый айран, йогурт, быштак сыяктуу сүт азыктарын күнүмдүк рационго кошуңуз.
- Америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, эртең мененки күндүн нуру денеге пайдалуу келет. Андыктан, эрте туруу менен 20-30 мүнөт сейилдеп, зат алмашуу процессин жакшырдууга болот.
- Спорттук залыңызды сууда сүзүү, ролик жана велосипед тебүү, жөө басуу же жаратылыш койнунда сейилдөө менен алмаштырыңыз.
- Эгерде сизди чиркейлер көп чакса, анда В12 витаминин ичиңиз. Ден соолугуңузга пайда алып келүү менен териңиз башкача жыттанып чиркейлер да жолобойт. Бирок, СИЗ КОРКПОҢУЗ - бул жытты адамдар сезишпейт.
- Ал эми жайкы эс алуусун ысык өлкөлөрдөн баштаган, же Ыссык-Көлгө сапар тартып, күнгө кокус күйүп калсам эмне кылам деген ой келген болсо, бизден сизге эң жөнөкөй кеңеш. Бинт же таза кездемени муздак сүткө малып, күйгөн жериңизге коюңуз. Компресс жылыган сайын алмаштырыңыз. Жыйынтыгы канааттандырарлык.
- Көлдүн жээгинде сейилдеңиз. Толкундун бутуңузга тийиши менен ал варикоз жана башка бут ооруларын алдын алат.
- Жайкы эс алууда чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк жок болуп жатса, кайгырбаңыз. Өзүнүздүн мекениңизди саякатчылардын көз карашы менен байкап көрүңүз. Мисалы, 7 дубанды кыдырып, шаркыратма, булактарды көрүп, Сары-Челектин жаратылышына суктанып, Манастын күмбөзүн көрүп, Буранага чыгып, Сулайман – Тоонун уламышын угуп жаңы эмоцияларга ээ болуп, билим куржунуңузду толуктап келүүгө сонун мүмкүнчүлүк.
Жайкы эс алууңуз ойдогудай өтсүн!
Ссылка: https://barometr.kg/zhaj-mezgilinde-kyskacha-keeshter
Добавить комментарий ×