Жабышып алып бийлеген жаштарды тойдо таягы менен кубалаган атанын видеосу

5 ноябрь 2018 13:40 6019 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Акыркы убактарда жаш-карысы дебей эле тойканаларда шалактап бийлегендер көбөйдү. Андай уят-сыйытты, жаш-карыны деле көңүлгө албай бийлегендерди тескегендер деле жок. Бирок, жакында эле фейсбуктагы баракчаларда жабышып алып, шалактап бийлеп жаткан кыз менен баланы таягы менен кубалаган атанын видеосу талкуу жаратты. Анда көпчүлүк колдонуучулар "Мындай атадан тойканаларга онду алып барып коюш керек экен, экөөнү тарбиялаптыр"-деген пикирлер айтылды. 

Фейсбуктагы Талант Канатбек уулу деген колдонуучу: "Аксакалыбыз "Последний из Могикан" дегендей намысы ойгонгон экен . Абийир жана уят мындай шерменде бийди көтөрө албады го ошон үчүн барып тигилерди кубалады да. Ошон үчүн тойлор реформага муктаж азыр"-деген оюн айтты. 

Көпчүлүк интернет колдонуучулар тойдогу атанын бул кылыгын колдошуп, "Азыркы ичип алып улуу-кичүүнү көзгө албай бийлегендер уят, тойлорго реформа жасаш керек"-деген билдирүүлөр калтырылды.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhabyshyp-alyp-bijlegen-zhashtardy-tojdo-tayagy-menen-kubalagan-atanyn-videosu



Добавить комментарий