Америкалык ырчы Ариана Гранде турмушка чыкты

18 май 2021 17:55 2070 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Америкалык ырчы Ариана Гранде кыймылсыз мүлк агенти Далтон Гомеске турмушка чыкты. Бул тууралуу TMZ.com берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” Билдирет.

“Туугандарынын айтымында, той өткөн дем алыш күндөрү ырчынын кичи мекени Калифорния штатындагы Монтесито шаарында болгон.

Салтанатка туугандары жана жакын достору гана чакырылган. Үлпөт тойго жалпысынан 20га жетпеген адам катышкан”,- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын декабрь айында Ариана Гранде жигити менен мамилесин  жарыялаган. Атактуу ырчы айым манжасына шакек тагылган сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал сүрөтүнүн астына "түбөлүккө жана узакка" деп жазган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/amerikalyk-yrchy-ariana-grande-turmushka-chykty



Добавить комментарий