Аш-тойдогу чыгымдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды

11 май 2021 14:15 820 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Аш-тойлорго чектөө киргизген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 10-майда талкууга коюлду. Мыйзамдын демилгечиси - депутат Улукбек Ормонов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мыйзам долбоору аш-тойлордогу чыгымды шаан-шөкөттү жана каржыны үнөмдөөгө багытталып, элдик демилгелерди колдоо максатында жазылган. 

Мыйзам долбоорунда  той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттарга чакырылган коноктор 100дөн ашпашы керек деген норма сунушталууда.

"Үлпөт тойго 200 киши катышып, банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүү үчүн мамкаттоого 3төн ашык машина менен барууга болбойт.

Маркумду акыркы сапарга узатууда адам санына чек коюлбайт. Бирок бодо мал союуга тыюу салынат. Кыркылыгы жана ашында  100дөн ашык адамды чакырууга болбойт, анда да бодо мал союлбайт.

Үлпөт той, маараке, куран окутуу иш-чараларын өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорудагы эрежелерди бузгандар 8 категориядагы айыпка жыгылышат. Эң жогорку айып жеке тараптарга 17 500 сом, юридикалык жактарга 55 000 сом", - деп жазылган мыйзам долбоордо.

Ссылка: https://barometr.kg/ash-tojdogu-chygymdardy-azajtuu-boyuncha-myjzam-dolbooru-sunushtaldy



Добавить комментарий