Өзгөндө жаңы көпүрөнүн курулушу башталды

21 апрель 2021 10:51 1039 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө, Красный-Маяк айылында жаңы көпүрө салынып баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Ош облусунун Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында селдин алдын алуу максатында Атамкул каналы аркылуу жаңы көпүрө куруу иштери башталды. 

Буга чейин Красный-Маяк айылындагы ушул канал аркылуу өткөн эски көпүрө жараксыз абалда болчу. Мындан улам, жаздын келиши менен аталган айыл аймагында селдин пайда болушу күчөдү. 

Ушул учурда, калктын коопсуздугу үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2021-жылга мерчемделген иштерине ылайык, Атамкул каналы аркылуу жаңы көпүрөнүн курулушу башталды", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-zhay-kprnn-kurulushu-bashtaldy



Добавить комментарий