Өзгөндө уурулар үй ээсин коркутуп талап тоношкон

24 декабрь 2019 18:36 1488 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кошуна мамлекеттен эмгектик миграцияга келген жарандар жалданма жумуш издеген уста катары, колунда бар жарандардын үйлөрүнө байкоо жүргүзүшүп, иликтешип тактаган соң терс ойлорун ишке ашырып жүрүшкөн. Бул тууралуу Ош ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 
2019-жылдын 21-ноябрь күнү, түнкү саат 1лер чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 48 жаштагы тургунунун үйүнө, белгисиз 4 бет капчан адамдар кол салган. Алар үйдүн ээсин жана аялын бычак менен коркутуп, жашы жете элек 4 баласын жип менен байлап, үйдөгү болгон алтындарды жана “Самсунг”, “Айфон” үлгүсүндөгү 5 уюлдук телефондорду, андан сырткары кылмышкерлер үй ээсине таандык “Хонда-СРВ” унаасын кошо айдап кетишкен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен сотко чейинки териштирүү иштери козголгон. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү жана Ош облусунун ИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарбынан кылмыштуу топтун 1993-жылы туулган В.А. аттуу Өзбекстандык жаранын кармашкан. Издөө иштерин жүргүзүү учурунда бет кап, уюлдук телефон жана ошондой эле жабырлануучуга таандык унаа табылган. Азыркы учурда бул кылмыштуу топтун башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу аныкталып, калган мүчөлөрүн да колго түшүрүү чаралары жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-uurular-j-eesin-korkutup-talap-tonoshkon



Добавить комментарий