Өзгөндө таксистердин урушу эки тараптуу чоң мушташка алып келди
Бөлүшүү:
Ош облусунун Өзгөн районунда таксистер кардар талашып, урушуп кетишкен. Уруштун аягы эки жактуу чоң мушташка алып келген. Бул тууралуу Ош РИИБинен билдиришти. Анда маалыматта айтылгандай баласы атасына болушуп, таксисти жакалаган. Ыза болуп калган таксист баласын чакырып келип, ал берки баланы сабап салган. Кайрадан ызы-чуу уланып ал досторун ээрчитип келип, жыйынтыгында эки жаат болуп мушташышкан.
Учурда бардыгы Өзгөн райондук РИИБине алынып келинип, сурак берүүдө. Алар бири-бирине арыз жазышкан.
Окуя тууралуу иликтөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-taksisterdin-urushu-eki-taraptuu-cho-mushtashka-alyp-keldi
Добавить комментарий ×