Садыр Жапаров Өзгөн эли менен жабык түрдө жолугушуп, суроолорго жооп берүүдө
Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Ал эми, сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет.
“Элди “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз.
Президент менен бирге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zgn-eli-menen-zhabyk-trd-zholugushup-suroolorgo-zhoop-berd
Добавить комментарий ×