Өзгөндө селкинчек тээп жаткан бала каза болду (Видео)
Бөлүшүү:
Өзгөн районунда селкинчек тээп жаткан бала капысынан кулап, каза болду. Бул тууралуу «Барометрге» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сз кызматы билдирди.
Окуя 20-июнда катталган. Анда Өзгөндүн 19 жаштагы тургуну Сарахсий көчөсүндөгү эс алуу багында селкинчек тээп жатып, кокусунан кулап кеткен. Аймактык ооруканага жеткирилгени менен, өзүнө келбей каза болду.
Учурда аталган райондун ИИБсы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.
Аталган окуя боюнча тартылып калган видео Короче Телеграмм каналы жүктөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-selkinchek-teep-zhatkan-bala-kaza-boldu-video
Добавить комментарий ×