Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин туугандары митингке чыгышты

29 июль 2020 16:41 766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин өлүмү боюнча Өзгөндө митинг өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өзгөн райондук мэриясынын алдына мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 29 жаштагы такси кызматында иштеген жарандын туугандары, айылдаштары келип чогулушту. Алар кылмышкерлерди мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылышууда.

Чогулгандар кылмышкерлер мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылышууда. Алар менен акимдин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев жолугушту.

 Ал аталган кылмыш иши өзгөчө көзөмөлгө алына турганын айтып, чогулгандарды таркоого чакырды.

“Айыл тургундары бул кылмыш ишин жаап салбай, бардыгы мыйзам чегинде кылмышка жооп бериш керектигин айтышты. Аталган райондун акими каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө барып, куран окуп, көңүл айтып келди. Айылдаштары мыйзам бузууга жол бербей турганын айтышты”, - деди Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Марат Мамытов.

Чогулгандар тарабынан укук бузуулар катталган жок. Болжол менен 65ке жакын адам чогулду.

Эскерте кетсек, окуя 24-июль күнү саат 20:00дөр чамасында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө «ВАЗ» үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн абалда турганы боюнча ички иштер бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Күйгөн автоунаа буга чейин Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы дайынсыз жоголгон Ж. у. Мга таандык болгон.

Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде Өзгөн районунун тургуну 16 жаштагы М. у. А. шектүү катары суралып, анда 2020-жылдын 20-июлунда 17 жаштагы Е.И. менен Өзгөн шаарынын борбордук базарынын жанында турган «ВАЗ» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Ж. у. М. такси катары Шералы айылына барып келүү үчүн 200 сомго жалдап, бара турган жерине жетип айдоочуга 100 сом акчабыз бар эле ушуну алып кой дегенде, айдоочу Ж. у. М. 200 сомго сүйлөштүк эле кошуп бер деп ортодон өз ара пикир келишпестик жаралып машинанын ичинде урушуп кетишкен.

“Машинанын арткы орундукта олтурган И.Э. өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунтуп астынкы орундукта олтурган М. у. А. бет жагына уруп өлтүрүп алышкан. Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя сайындагы сууга өрттөп, агызып салышкан.
И.Э. автоунааны айдап келип 17 жаштагы А. у. Ш, Ш.И, жана 15 жаштагы С.К. досторуна жолугуп, жогорудагы окуя тууралуу айтып берген. Анда И.Э, М. у. А. достору менен биргеликте аталган автоунаанын багажында турган бензин менен өрттөп салышкан. Бирок ал атуулдар кылмышты жашырып тиешелүү органдарга айткан эмес», - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча 2020-жылдын 27-июль күнү ЖКнын 130-бер. 2-б. 3-п. менен Өзгөн РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, адам өлтүргөнгө шектүү катары 16 жаштагы М. у. А. менен 17 жаштагы Е.И. кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми кылмышты жашыргандыктары үчүн 17 жаштагы А. у. Ш, Ш.И. Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 128-беренсинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 15 жаштагы С.К. кылмышты жашыргандыгы үчүн шектүү катары жоопкерчилиги каралууда.

Бүгүнкү күндө алардын баш коргоо чарасы Өзгөн райондук соту тарабынан каралып, шектүүлөр 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-mykaachylyk-menen-ltrlgn-taksisttin-tuugandary-mitingke-chygyshty



Добавить комментарий