Өзгөндө 9 жашар кыз зордукталып, шектүү изделүүдө

15 март 2023 15:14 1820 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБге шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кече, 14-мартта Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, анын кызы зордукталгандыгын билдирген.

“Аталган факты РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен катталды. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды, учурда кылмышты аныктоо жана кылмышка шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-9-zhashar-kyz-zorduktalyp-shekt-izdeld



Добавить комментарий