Өзгөндө 12 жаштагы кызды 39 жаштагы киши зордуктаган

27 июль 2021 15:23 1093 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө 12 жаштагы кызды 39 жаштагы киши зордуктаганы аныкталды.Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканы “Барометр” билдирди.

23-июлда болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын  тургуну, 12 жаштагы өспүрүм кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгы боюнча, Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келген.

Аталган факт боюнча Өзгөн РИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, өспүрүм кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган.

Аталган жагдай боюнча жаш кыз М.Р.,  өзүнүн көрсөтмөсүндө 23-июль күнү Өзгөн шаарындагы көп кабатуу үйлөргө жылуулук берүүчү (кателный) жайдын короосунда жайгашкан ажаткананын жанында белгисиз жаран зордуктагандыгын көрсөткөн.

Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 12 жаштагы кыздын, зордукталганы аныкталган. Бул факты боюнча  24-июлда Жазык Кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан тез арада көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында аталган кылмыш ишке шектүү катары 2021-жылдын 24-июлунда Кара-Суу районунун тургуну 39 жаштагы М.А., кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-12-zhashtagy-kyzdy-39-zhashtagy-kishi-zorduktagan



Добавить комментарий