Кара-Сууда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды

10 апреля 2021 12:07 3439 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 9-апрелде саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы жашы жете элек кыз  Н.А.  айыл талаасы аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда  белгисиз жаран тарабынан  зордукталып, денесинен алган жараатынан улам ооруканага оор абалда жеткирилген. 

Бул тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн.

Кылмыш иш боюнча Ош ОИИБдин жетекчилиги баш болуп Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. 

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы Н. уулу А. экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен шектүү катары кармалган. 

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган, ошондой эле тийиштүү буюм далилдер алынган жана убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жабырлануучу - Н. А. 7 жашта Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу, таэнесинин колунда тарбияланып жаткан, апасы Россияда миграцияда.

Тергөө иштери Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-7-zhashtagy-kyzdy-zorduktoogo-shekt-karmaldy



Добавить комментарий