Өзгөн районунда КСДП партиясынын кезектеги съездине беш делегат бир добуштан шайланып, бекитилди

27 март 2019 21:28 998 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-мартта Өзгөн районундагы КСДП партиясынын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү.  Ага айыл аймактардан жана Өзгөн шаарынан келген партиянын мүчөлөрү катышышты.

Күн тартибинде 2019-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында өтчү КСДП саясий партиясынын кезектеги съездине жана Ош облусу боюнча боло турган кеңешмесине катышуучу делегаттардын курамын бекитүү маселеси каралды. Жыйынтыгында, бир добуштан Ош облусу боюнча боло турган жыйынга 33 делегат жана Бишкек шаарында өтө турган КСДП саясий партиясынын кезектеги съездине беш делегат бир добуштан шайланып, бекитилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын кезектеги съездин өткөрө турганын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/zgn-rajonunda-ksdp-partiyasynyn-kezektegi-keeshmesi-tkrld



Добавить комментарий