Фарид Ниязовго карата милицияга арыз беришти

29 март 2019 10:55 4900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси, “Апрель” коомдук фондунун жетекчиси Фарид Ниязовго карата милицияга арыз беришти. Бул тууралуу маалыматты КСДП тастыктады.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Джолдубаеванын айтымында, алар иш козголдубу же жокпу маалымат алыша элек.

“Фарид Ниязов расмий эскертүү ала элек. Бирок бизге жеткен маалыматтарга караганда арызды апрель революциясынын маалында жарадар болгон адам жазган”,-деп билдирди Джолдубаева.

Аталган жаран реаблитациядан өтүш үчүн Сочиге баргысы  келип бирок Ысык-Көлдөгү санаторийлердин бирине гана эс алып калган.

Ссылка: https://barometr.kg/farid-niyazovgo-karata-miliciyaga-aryz-berishti



Добавить комментарий