Өзгөн районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тургундар эвакуацияланды

23 март 2023 12:45 713 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөн районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Өзгөн районунда 22-март күнү,  таңга маал жер көчкү түшкөн. 

“22-март күнү саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн м3 жер көчкү түшкөн.

Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей  калган.

Буга байланыштуу кече ыкчам түрдө Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланып,  райондук №53 ӨКБдан 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн. 

Жеринде райондук ӨК бөлүмүнүн офицери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

2023-жылдын 22-мартында Өзгөн райондук РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына  I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу  2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин  кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/zgn-rajonuna-zgch-kyrdaal-rezhimi-kirgizilip-turgundar-koopsuz-zhajga-kchrld



Добавить комментарий