Өзгөчө стилдүү ырчы Каныкей кыздуу болду
Бөлүшүү:
Ырчы Каныкей кырк жылкылуу болгондугун бүгүн жеке баракчасына төрөтканадан чыгып келе жаткандагы сүрөтүн жүктөп күйөрмандарына сүйүнчүлөдү.
Эскерте кетсек, ырчы 2014-жылы 21-мартта Медер аттуу балага турмушка чыккан. 2015-жылдын 11-ноябрында уулдуу болушкан.
Кыргызда аалым деген мааниси терең сөзгө ыктап, келечекте уулу дагы илимге, билимге өмүрүн арнасын деген үмүттө жолдошу Медер Алим деген ысымды ыйгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-stild-yrchy-kanykej-kyzduu-boldu
Добавить комментарий ×