Өзгөчө кырдаалдар министри Чүйдүн сел жүрүү коркунучу бар аймактарды кыдырып жүрөт

26 февраль 2020 17:53 432 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2020-жылдын 26-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Чүй облусундагы сел, суу ташкындарынын  кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында  иш сапарда жүрөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Министр иш сапарын алгач Чүй облусунун Кемин шаарынын №5 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы жана  имаратынын абалы менен таанышып, Кош-Коргон айыл аймагы Кызыл-Суу дарыясындагы сел тосмосун  карап чыкты. Андан соң Токмок шаарынын Киров көчөсүндөгү коллектордук дренаждын түтүгүн калыбына келтирүү маселеси жеринен талкууланды.

Министр көйгөй жараткан Чу дарыясындагы кооптуу аймактарды да кыдырып чыкты. Маселен, Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагындагы кооптуу тилке, Аламүдүн районунун  Октябрь айыл аймагынын Лубяное айылындагы кооптуу тилке. Дарыянын сол жээгиндеги  кыртыш бузулуп, 1 көрүстөнгө жана Кыргыз Республикасына караштуу 5 га айдоо жерге коркунуч келтирген  тилкелерди жеринен карап чыкты. Мындан сырткары Сокулук районундагы  Крупский айыл аймагынын Сокулук айылындагы Сокулук дарыясынын сол жана оң жээктериндеги  кыртыш бузулуп, турак үйлөргө коркунуч келтирген участокторду көрүп келди. Аталган участоктор боюнча тиешелүү башкармалыктын жетекчисине мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырмасын койду.

Иш сапардын алкагында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы, майор Азис Эгембердиев Сокулук айылында жаңы ыкма менен иштеген гидрантты көрсөтүп, сунуш-пикирлер талкууланды. Андан соң ӨК министри Садовый айыл аймагынын Садовый айылындагы Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды, мындан тышкары Москва районундагы Биринчи-Май айыл аймагынын Ак-Суу айылындагы №15 ӨККБнин, Куткаруучулары даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамы менен таанышмакчы.

Кошумчалай кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен  жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Чүй  облусунда иш сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыгынын  башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaaldar-ministri-zamirbek-askarov-chj-oblusun-kydyrap-zhrt



Добавить комментарий