Нарын облусунда болгон катуу шамал келтирген чыгымдар такталууда
8-апрелде саат 20:00дөн 23:50 чамасына чейин Нарын облусунун аймагында шамал катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди..
Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы 23-25 м/с чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын, чарбалык курулуштардын жана административдик имараттардын чатыр жабууларынын шиферлеринин учуруп, зыян келтирген.
Учурда Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан үч багыт боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
9-апрелде күнү саат 17:00го карата Нарын облусунун 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 18 турак-жайдын 394 чарчы метр чатырчасы, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатырча жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болду. Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында келтирилген чыгымдар аныкталып, кошумча маалымдалат.
Ссылка: https://barometr.kg/zgch-kyrdaal-ministriligi-chygymdardy-eseptd
Добавить комментарий ×