Ош, Жалал-Абад жана Баткенди азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу талкууланды

16 апрель 2020 14:26 771 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер министр Акрам Мадумаров,иИчки иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевтердин жетекчилиги астында, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору билдирди. 

Жыйында, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узаргандыгына байланыштуу, COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. 

Тийиштүү органдарга өз милдеттери туурасында тапшырмалар коюлду. Өзгөчө абал узаргандыгына байланыштуу калкты азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, калкты тейлөөчү мекеме-уюмдардын имараттарын, банктардагы ачка алуучу жабдыктар орнотулган жайларды, оору чыккан аймактардагы турак-жайларга санитардык-карантиндик талаптардын негизинде тынымсыз дезинфекциялоо иштерин жандандыруу талаптары коюлду.

Президенттин Жарлыгынын негизинде, Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылып, коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн тартып эрте мененки саат 06:00гө чейин белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abaldyn-mntnn-uzargandygyna-bajlanyshtuu-zhyjyn-bolup-tt



Добавить комментарий