Өзгөчө абал Орозо бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүнбү?

29 апрель 2020 15:40 1636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абалды Орозо аяктаганга чейин узартуу, же узартпоо маселесин так кесе айтуу кыйын экенин маалымат жыйында билдирди.

“Бул жөнүндө азырынча айтуу кыйын. Анткени бул маселе мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды эмес, бул бардык жарандардан жана эпидемиялык кырдаалдан көз каранды болот. Учурда бекитилген чектөөлөрдү карманып, өтө зарылдык жаралбаса, шаар ичинде жүрбөшүбүз керек. Бул биздин жарандык парзыбыз”, - деди Боронов.

Эске салсак, Кыргызстандын бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизилип, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Ал эми Орозо 24-апрелде башталган болчу. Ал бир айга чейин болот.

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abaldy-orozo-btkng-chejin-uzartylyshy-mmknb



Добавить комментарий