Өзгөчө абал учурунда Жогорку соттун кызматкерлери нөөмөт менен ишин улантат

15 апрель 2020 10:30 1158 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку сот өзгөчө абалдын мөөнөтү бүткөнгө чейин судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезмет менен иштөөсүн узартат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Жарандар Жогорку сотто жылдырылган  иштердин графиги менен төмөндөгү телефондор аркылуу биле алышат: жазык иштери боюнча — 0 312 66-35-01, административдик жана экономикалык иштер боюнча -0 312 66-34-29, жарандык иштер боюнча -0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29.

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

    

Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abal-uzartylgandygyna-bajlanyshtuu-kyrgyz-respublikasynyn-zhogorku-sotu-nmt-menen-ishtn-ulantat



Добавить комментарий