Зеленский карантинде карайлабай элдин санын көбөйтүү керектигин айтат
Украинаны президенти Владимир Зеленский элди өлкөдө жарыяланган карантин учурунда демографияны көтөрүп, элдин санын көбөйтүү маселеси менен алектенүүгө чакырды.
“Азыр бизде кризис экенин билесиздер, ошол эле учурда бизде демографиялык кризис бар экенин эстен чыгарбоо керек. Бул кризис менен күрөшүү убактысы келди деп ойлойм”, — деди ал.
Зеленский андан сырткары украиналыктарды көп окуп, кино көрүп, жакындары менен баарлашууга чакырды.
17-марттан тарта Украинада ресторандар, ири соода борборлору, кафе жана кинотеатрлар убактылуу иштебейт. Жарандарга 50дөн ашык кишиге чогулууга уруксат жок.
Ал эми 18-марттан тарта темир жол, авиакаттам, шаарлар жана облустар аралык автобустардын катттамы токтойт.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Украинада коронавирус жети кишиге жугуп, бир киши каза болгону аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/zelenskij-karantinde-karajlabaj-eldin-sanyn-kbjt-kerektigin-ajtat
Добавить комментарий ×