Милиционерлерге күн сайын жеке коопсуздук боюнча нускамалар өтүлүүдө
Президенттин 2020-жылдын 24-мартындагы “Бишкек шаарына Өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү” жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин жана Ички коопсуздук аскер кызматынын буйругунун негизинде, аскер бөлүктөрдө коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу максатында күн сайын санитардык эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.
Андан тышкары медицина кызматкерлери тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды туура колдонуунун эрежелери маалымдалып, күнүмдүк ишмердүүлүктө жеке коопсуздук чараларын ишке ашыруу менен, кызматка чыгып жаткан өздүк курамга Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу боюнча нускамалар өтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zdk-kuramga-kn-sajyn-zheke-koopsuzduk-boyuncha-nuskamalar-tld
Добавить комментарий ×