Өзбекстандан Сох анклавына 8 жылдан кийин кайрадан жол ачылды
Бүгүн, 1-апрелде Өзбекстандан Сох анклавына Кыргызстан аркылуу өтүүчү жолдун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу uza.uz агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматта, эми эки мамлекеттин чек ара өтмөктөрү бардык жарандар жана унаалар үчүн ачык экени айтылат.
Салтанатка Кыргызстандан да коноктор чакырылып, аларды салтанатуу түрдө керней, сурнай тартылып тосуп алышкан.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозоров жана Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиевдер Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер мындан да өнүгүп, эки элдин ынтымагы арта беришине кызыктар экенин белгилешти.
Эске сала кетсек, Сох-Риштан жолу 2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы жаңжалдан кийин жабылган.
Аянты 350 чарчы километр болгон Өзбекстандын Сох району толугу менен Кыргызстандын Баткен облусунун аймагы менен курчалган. Өзбекстандан Сохко жетүү үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу 20 чакырымдай жолду өтүү керек.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Сох анклавына Кыргызстандын "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрүү пунктары аркылуу жол ачылары маалым болгон.
Добавить комментарий ×