Өзбекстандын Коргоо министри Кыргызстандын аскердик делегациясы менен жоолугушту
Бөлүшүү:
12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик делегациясы менен жоолугушту.
Өзбекстандык маалымат каражаттар билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланып, аскердик багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан сырткары тараптар Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу маселесине дагы токтолушту.
Жолугушуунун соңунда 2018-жыл үчүн эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтык планына кол коюлду.
Добавить комментарий ×