Өзбекстанда абактан качып кеткен жарандар Кыргызстандан кармалды

9 январь 2023 12:52 1284 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын жарандары өз өлкөсүндө өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, түрмөдөн качып чыгып Кыргызстанга кирип кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, алар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн.

“6-январь күнү Сузак районунун  Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат милицияга келип түшкөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстан Республикасынын Андижан областынын тургуну 1986-ж.т. К.А. жана Фергана областынын тургуну 1992-ж.т. Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Териштирүү учурунда Өзбекстан Республикасынын тургундары мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах  областында жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган. Бүгүнкү күндө Өзбекстан Республикасы  тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-zgch-oor-kylmysh-zhasap-zhazasyn-tp-zhatkan-abaktan-kachyp-ketken-zharandar-kyrgyzstandan-karmaldy



Добавить комментарий