Зат алмашууну жакшыртуучу азыктар кайсылар?

27 апрель 2022 11:20 2212 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ашыкча салмак жана организмде пайда болгон оорулардын көбү зат алмашуунун бузулушунан пайда болот. Бирок биз төмөндө сунштай турган бир нече азыктар метаболизмди башкача айтканда зат алмашуунун жакшыртып, майлардын эришине түрткү берет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Суу

Суусундуктар, компот жана газдалган суусунуктар эмес, накта таза суунун өзүн жылуу кылып ичип туруу кажет. Ага бир тилим лимонду же бир кашык бал кошуп койсо ого бетер жакшы. Мындай суусундук ичтин көбүүсүн токтотуп тамак-сиңирүү жолдорунун ишин жакшыртат.

Имбир чайы

Имбир чайы зат алмашуунун жакшыртып, ичтин көбүшүн азайтат, ичке жел толуп калууну токтотот, ашказандын булчуңун бошоңдотуп, жүрөк айланууну жоет.

Кошулмалар  

Тамакка кошулган кошулмалар тузду көп колдонууну токтотууга көмөкчү болуп айрымдары анын ордун алмаштырат. 

Алардын катарына кара мурч кирет ал шилкейдин иштелип чыгышын көбөйтүп, ашказан суюуктугун жана тамак сиңирүү ферменттеринин бөлүнүн чыгышын жакшыртат.  Мындан тышкары кориандр дагы ушундай эле күчкө ээ. Бул катарга корица, тмин, сарымсак, кардамон  жана розмариди кошсок болот.

Жемиштер  

Эгер зат алмашууну жакшыртам десеңиз милдеттүү түрдө лимонду колдонуңуз. Ал тамак сиңирүү сокторун бөлүнүп чыгышына, ичтеги желди азайтууга көмөктөшүп, зарына болууну, жүрөк айланууну, ич катууну алдын алат. Ошондой эле банан, мандарин  зат алмашууну жакшыртат.

Ссылка: https://barometr.kg/zat-almashuunu-zhakshyrtuuchu-azyktar-kajsylar



Добавить комментарий