40 жаштагыдай көрүнөт. Алтымыштан ашкан аял жаштыгынын сырын айтты

20 январь 2020 12:23 1345 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тайвандын Цзилун шаарынын тургуну, ырчы Чен Мэйфен күн сайын анын жаштыгына, сулуулугуна суктангандардан жылуу сөз угат.

Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон ырчы сулуулугунун жана жаштыгынын сырын айтканын Daily Mail басылмасы жазды.

Мэйфен 1975-жылы 19 жашында сулуулук канышасы деген титулга ээ болгон.

Басылманын жазышынча, ырчы күн сайын эртең менен шорпого бир нече кесим имбирь салып ичкен адаты бар. 63 жаштагы Чен Мэйфен жаштыгынын сыры дал ушул нерседе экенин жашырган эмес.

Ал башкалардай болуп келбетин жакшы сакташ үчүн фитнес клубдарга деле барбайт. Болгону жумасына бир, эки жолу күчтү талап кылчу көнүгүүлөрдү гана жасайт.

Ырчы күн сайын бийик такалуу бут кийимдерди кийип жүрөт. Ошентсе да кечинде бутка келген күчтү басаңдатуу үчүн жылаңайлак дагы басат. Аны менен катар колун жана буттарын акырындык менен чапкылайт. Мындай ыкма энергиянын денесине толук жайылышын шарттайт деген пикирде.

Чен Мэйфен беш жыл мурда он жыл чогуу жашаган күйөөсү менен ажырашкан. Бул маал анын жашоосундагы оор учурлардын бири болгонун айтат.

Алтымыштан ашкан ырчы айым сүйүктүүсүн жолуктурарына ишенет. Ошентсе да эркектерге жаш аялдар жаккандыктан, жүрөгүнүн ээсин табуу ал үчүн оор болуп жатканын белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/40-zhashtagydaj-krnt-altymyshtan-ashkan-ayal-zhashtygynyn-syryn-ajtty



Добавить комментарий