Өз кызын курал менен коркутуп зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

30 май 2019 13:24 6467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-майда Тажикстандын Душанбе шаарында өз кызын зордуктаганга айыпталып жаткан Сайвали Искандаровго боюнча сот иши аяктады. Сот аны күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратты.

Өкүм Тажикстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун (Жакын тууганын курал жана курал катары башка нерселерди колдонуп коркутуу аркылуу зордуктоо) негизинде угузулду. Айыпкер күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөйт.

Душанбе сотунун расмий сайтында Тажикстанда мындай кылмышкерлер 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажырары жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/z-kyzyn-kural-menen-korkutup-zorduktagan-kishi-mr-boyu-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий