"Ютубда" жаңы рекорд. Билли Айлиштин жаңы клибинин бир саат өтпөй 8 млн көрүүчү көрдү

13 ноябрь 2020 15:43 4773 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Америкалык ырчы Билли Айлиштин клиби YouTube каналына жүктөлгөндөн бир саат өтпөй 8,5 миллионго жакын көрүүчү топтогон.

Бүгүн, 13-ноябрда, Билли Айлиштин Therefore I Am аттуу жаңы ырынын клиби ырчынын расмий каналына жарыяланды.

Клипти ырчы өзү тарткан. Ал эми,  анын иниси Финнас О'Коннелл продюсер болгон.

Клиптин сюжетине ылайык, ырчы соода борборун айланып чуркап жүрүп, ар кандай фудкорттордон тамак-аш чогултат. Ал, пончик, лимонад жана француз картошкаларын алып чыгып бара жатканда, күзөт кызматкеринин кыйыкырыгына карабай соода түйүндөн чыгып кетет.

Клип бир саат аралыгында 1,5 миллиондон ашык лайк, 8,5 миллионго жакын көрүүчү топтогон. Комментаторлор клиптин сюжетин жогору баалашты, көпчүлүк соода борбору аркылуу жалгыз басып, бекер тамактанууну көптөн бери кыялданып жүргөндүгүн жазышкан.

Октябрь айынын башында, Билли Айлиш агент Джеймс Бонд жөнүндө «Не время умирать» аттуу тасманын саундтрек ырына тартылган жаңы клиптин бет ачарын өткөргөн. 18 жаштагы ырчы Жеймс Бонддун тасмаларынын тарыхындагы эң жаш саундтрек жазган автор болуп калды.


Ссылка: https://barometr.kg/yutubda-zhay-rekord-billi-ajlishtin-zhay-klibinin-zhktlgnn-bir-saat-aralygynda-8-mln-krch-krd



Добавить комментарий