Юстиция министри болуп Марат Жаманкулов дайындалды
Юстиция министри болуп Жаманкулов Марат Тургунбаевич дайындалды. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Берилген маалыматтарга ылайык, тийиштүү жарлыкка Кыргыз республикасынын конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Марат Жаманкулов буга чейин Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 1979-жылы Караколдо төрөлгөн. Билими тууралуу айта кетсек, "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн жана 2014-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде адам ресурстарын башкаруу" адистиги боюнча президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/yusticiya-ministri-bolup-marat-zhamankulov-dajyndaldy
Добавить комментарий ×