Юрий Шатунов анын көз алдында "Ласковый май" тобунун музыканты өлтүрүлгөнүн айтып берди

15 март 2021 13:21 4310 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык ырчы Юрий Шатунов "Ласковый май" тобунун солисти, клавиатурада ойногон Михаил Сухомлиновдун өлтүрүшү тууралуу сенсациялуу билдирүү таратты. Бул тууралуу “РИА Новостиге” шилтеме берүү менен “Барометр”  билдирет.

Ырчынын айтымында, музыкант анын көз алдында өлтүрүлгөн.

“Эртең менен ойгонуп эле, музыкалык аспаптарды күйгүзүп, кулагыма наушник жаңы эле кийгем. Миша эртең мененки тамакты ичип, ылдый түшүп кеткен. Аңгыча эле эки жолу ок атылганын уктум. Терезеден карасам, унаа катуу ылдамдыкта кетип калды. Кайсы түстө жана кандай номерде экени эсимде жок.

Дароо, короого чуркап чыксам, жерде Миша канга бойолуп жатыптыр. Досум көз алдымда каза болду”, - деп айтты Шатунов.

Михаил Сухомлинов 1993-жылдын 29-сентябрында Москвадагы Юрий Шатуновдун үйүнүн кире беришинде өлтүрүлгөн. Музыкантты өлтүргөндөр ошол бойдон табылай калган.

"Ласковый май" - ырчы Юрий Шатуновдун музыкалык өмүр баяны башталган советтик жана орусиялык эстрада тобу. 90-жылдары атактуулуктун туу чокусун багындырган топтун мүчөлөрү Оренбургдагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары болушкан, алар продюсер Андрей Разин менен таанышкандан кийин Москвага көчүп кетишкен. Шатуновдун аткаруусундагы "Белые розы" ыры "Ласковый май" тобунун визиттик картасы болуп калды. Аталган топ 1992-жылы тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/yurij-shatunov-anyn-kz-aldynda-laskovyj-maj-tobunun-muzykanty-ltrlgnn-ajtyp-berdi



Добавить комментарий