Юлия Руцкаянын атасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты Беларусиядагы Барановичи шаарында өтөт
Бөлүшүү:
Белгилүү ырчы Юлия Руцкаянын атасы Сергей Руцкийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-августта Беларусиядагы Баранович шаарында "Маданият сарайында" саат 12:00дө болмокчу. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сергей Руцкий 1-августта Минск шаарында 67 жаш курагында каза болду. Ал Кыргызстандын Беларусиядагы тунгуч элчиси болгон. 1992-1993-жылдары Белоруссиянын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, ал эми 1993-1995-жылдары аталган өлкөнүн КРдеги элчиси болгон.
Добавить комментарий ×