Руцкая: "Беларусь эли келечегин коргоого убакыт келди" (Видео)
Ырчы Юлия Руцкая мекени Беларуста болуп жаткан нааразычылык акциясында элдер келечеги үчүн күрөшүп жатканын айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” которду.
“Адамдар эч нерседен коркушпайт, саясий лидери жана алдын ала түзгөн планы жок эле шайлоодон кийин өзүнүн добушун коргоого чыгышты. Чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүүдө. Беларусь - менин мекеним, төрөлүп өскөн жерим. Туугандарымдын бары ал жакта. Ал эми Кыргызстан менин экинчи мекеним, жакшы көрүп калган шаарым. Менин жакындарым, күйөрмандарымдын көбү бул жакта. Кыргызстанда митинг жана революциялар болуп жатканда, жүрөгүм өлкө үчүн катуу ооруган, адилетсиздик үчүн ушул күнгө чейин ооруйт. Мына эми менин мекенимдин да убагы келди. Беларусь эли өзүн жана келечегин коргоого убакыт келди”, - деп жазган Руцкая.
Ссылка: https://barometr.kg/yuliya-ruckaya-belarus-eli-zn-zhana-kelechegin-korgoogo-ubakyt-keldi-video
Добавить комментарий ×