Видео. Ысык-Көлгө эс алууга келген коноктор жол тандабастар менен көлдүн жээгине чейин кирип барышкан

27 август 2018 19:15 9537 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлгө эс алууга келген коноктор жол тандабастар менен көлдүн жээгине чейин кирип барышкан. Окуянын күбөсү көл жээгине чейин кирип барып токтогон эс алуучуларды видеого тартып, биздин редакцияга жиберген. 

"Жаратылышты коргойлу, таштандыларды тазалайлы деп жатканыбыз менен башка жактан келген эс алуучулар айлананы булгап жатышат. Чет жактан келгендер экологияны  булгабайт дейсиңер, бирок көлдүн жээгине чейин канчалаган унаалар кирип алып турушат. Жалаң кымбат баалуу авто унаалар. Баардыгы чет жактан келген коноктор. Жердин баары таштанды. Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлерине бул тууралуу билдиребиз” - дейт окурман.  

Окуянын күбөсү бул тууралуу видеого түшүрүп алган. Анда кымбат баалуу бир канча жол тандабастар  көлдүн жээгинде токтоп турганын көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-klg-es-aluuga-kelgen-konoktor-zhol-tandabastar-menen-kldn-zheegine-chejin-kirip-baryshkan



Добавить комментарий