Ысык-Көлдүн жээгинен жаш кыздын жансыз денеси табылып, туугандары изделип жатат
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда көлдүн жээгинен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан "Барометрге" билдиришти.
Маалым болгондой, болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан.
«Жансыз денени сырттан кароо учурунда денеде зордук-зомбулуктан каза болгондугунун белгилери жок. Азырынча каза болгон кыздын өздүгү тактала элек. Милиция туугандарын издеп жатат. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына көрсөтмө жөнөтүлдү. Учурда кыздын сөөгү райондук оорукананын өлүкканасында. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, андан кийин өлүмдүн себеби билинет», — деп билдирди милициядан.
Добавить комментарий ×