Ысык-Көлдүн губернатору жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачуу үчүн инвесторлорду издеп жатат

25 сентябрь 2020 17:26 598 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев социалдык тармактар аркылуу Ысык-Көл облусунун Тоң районуна койдун жүнүн иштетүүчү ишкана  ачуу үчүн инвестор издеп жатат. Бул тууралуу анын фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, облустук администрация керектүү документтерди, жерди даярдап койгон. Жада калса, инвестор табылып калса өнөктөш болууга да даяр экендигин айтты.

“Тоң районунун акими жеке ишкерлерге бардык шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт. Койдун жүнүн иштетүүчү цех ачууну каалаган ишкерлерди издейбиз», - деп жазган облус губернатору.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, өндүрүлгөн продукцияны сыртка алып чыккандарга көңүл бөлүнүп, жеңилдиктер берилерин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldn-gubernatoru-zhnd-kajra-ishtetch-ishkana-achuu-chn-investorlordu-izdep-zhatat



Добавить комментарий