Көлдө жасалма мотодельтаплан менен адамдарды учуруп жаткан жаран тууралуу милиция үн катты

9 август 2022 10:28 980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда видеотасма таркатылып, анда жасалма мотодельтаплан менен жарандарды көлдүн үстүнөн учуруп жатышкандыгы айтылган. Милиция жогорудагы окуя тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, окуя Бостери айылында жайгашкан «Тулпар» эс алуу жайынын көл жээгинде болгон.

"Белгисиз адамдар жасалма мотодельтаплан менен жарандарды көлдүн үстүнөн учуруп жатышкандарын жана эс алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы тууралуу соутармакка жарыяланган.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылган.

Териштирүү учурунда, аталган жасалма мотодельтаплан Бостери айылынын 42 жаштагы тургуну А.У.га таандык экени аныкталган. Өзүнүн көрсөтмөсүндө 2022-жылдын июль айынын аяк чендеринде өзүнө тааныш И.Ч. аттуу жараан менен Бишкек шаарынан Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жайгашкан “Тулпар” жана “Толкун” эс алуу жайынын ортосундагы ачык көл жээгине алып келишип, кардарларды көлдүн үстүнөн акча төлөм менен учуруп жүрүшкөнүн айтып берген.

Бирок, териштирүү учурунда аларда мотодельтапланды учурууга жана кардарларды ташууга уруксат кагаздары жок экендиги, милиция кызматкерлери тарабынан аныкталгандыктан, учуу аппараты териштирүү мезгилине убактылуу токтотулган", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhasalma-motodeltaplan-menen-adamdardy-uchurup-zhatkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий